Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Кулмурзаев: Өзбекстанга газ үчүн карызыбыз жок


"Кыргызгаздын" өзбекстандык газ сатуучулар алдында карызы жок, тескерисинче, 70 миң доллар алдын ала төлөнгөн. Бул тууралуу ишкана жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев парламентте маалымат берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен жылдын 1-кварталы үчүн гана келишим түзгөн. Өзбекстан 27-мартта 15-апрелге чейин гана узартууга макул болуп, 15-апрелде газды өчүрүп койгон. Кулмурзаев Өзбекстандан газ алуу маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилүүгө тийиштигин айтты.

Айрым депутаттар түштүк облустардын көгүлтүр отсуз калуу маселеси боюнча маалымат берүү үчүн энергетика министрин жана башка өкмөт мүчөлөрүн чакырууну талап кылышты. “Республика” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов президенттин “бизге “Кыргызгаз” керекпи же газ керекпи” деп айткан сөзүн мисал келтирип, натыйжада Кыргызстанда экөө тең жок калганын белгиледи.

Спикер Асылбек Жээнбеков депутаттарга өкмөт бул маселе боюнча эртең парламентке келип маалымат берерин билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG