Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Апканга суу бериле баштады


Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” маалымдашкандай, Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков коңшу Өзбекстандын Сох район акиминин орун басары Тажибай Бадобаев менен сүйлөшүү жүргүздү. Натыйжада Апкан айылына Сохтон сугат суу берүү маселеси чечилди, 23-апрелден тарта суу бериле баштады.

22-апрель күнү Баткен районунун Апкан айылынын тургундары ЖК депутаттары менен жолугушууда коңшу Өзбекстандын Сох анклавы сугат суу бербей, 100 гектардан ашуун айдоо жер жазгы талаа иштери кызуу учурунда кургап жатканын маалымдап, бул улана берсе, өзбекстандык малчылардын Кыргызстандын жайыттарына чыгуусуна тоскоолдук кыларын айтышкан. (JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG