Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар финалда


Бүгүн, 24-апрелде Казакстандын борбору Астанада эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эр-азаматтар арасындагы Азия чемпионаты уланып жатат.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” айтымына, 61 килограмм салмакта Базар Базаргуриев казак балбаны Даулет Изабеков менен күрөшкөнү турат.

74 кг салмакта Иннокентий Иннокентьев биринчи Түштүк Кореянын спортчусу Сонгкю Лини утуп, кечинде үчүнчү орун үчүн өзбекстандык Ибрагим Нуриддинов менен күрөшөт. Аны утса гана коло медал тагынат.

97 килограмм салмакта Магомед Мусаев чейрек финалда индиялык балбанды утуп, жарым финалга чыкты.

23-апрелде 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу жарым финалга чыкты. Коло байге үчүн күч сынашууда тажикстандык Вайсиддин Ибидовду утуп, үчүнчү орунду ээледи.

25-апрелде 53 кг салмакта Розалия Тилегенова жана 60 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова өлкө намысын коргойт.

Азия чемпионатына 16 өлкөнүн тандалган балбандары катышууда. Грек-рим күрөшү боюнча таймашуулар менен 27-апрелде Азия чемпионаты жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG