Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

АКШ Орусияга эскертүү жасады


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияны Украинадагы абалды курчутпоого чакырды.

Бейшемби күнкү билдирүүсүндө ал Москва Украинадагы бейстбилдүүлүктү атайын козутуп, май айындагы президенттик шайлоону болтурбоо аракетин көрүп жатканын айтты:

- Бир апта муруңку Женева макулдашуусу боюнча Орусия өзүнө жүктөлгөн озуйпаларды аткарууда конкреттүү кадамдарды жасаган жок. Москва тараптан чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдерди токтотуу аракети байкала элек. Орусия Украинадагы абалды атайын козутуп жатат. Эгер абал ушундай улана берсе, бул Москва үчүн чоң ката болот. Биз тийиштүү жооп берүүгө даярбыз.

Украина президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов да телевидение аркылуу билдирүү жасап, Орусия тез арада чек арадагы аскерий күчтөрүн алып кетиши керектигин айтты.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина АКШ менен Евробиримдиктин Москвага каршы “геосаясий оюнчугу” болуп калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

24-апрелде Украинанын коопсуздук күчтөрү өлкө чыгышындагы Словянск шаарын басып алган орусиячыл топторго каршы чабуул жасап, 5 жикчил өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG