Кыргызстанда мектеп формасы боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, 27 тикмечи, дизайнерден материалдар келип түшкөн. Жыйынтыгында гран-приден тышкары үч орундун ар биринде үчтөн жеңүүчү болду.
Мектеп формасы 1-11-класстардын окуучуларынын курагына жараша өңү көк кездемеден тигилмей болду. Төшүндө кыргыздын улуттук орнаменти түшүрүлгөн белги болот.
Жаңы форма качан киргизилери, талаптар кандай болору азырынча чечиле элек.
Мектеп формасынын жаңы үлгүсү

1
Гран-прини жеңип алган Акматова Гүлнаранын иши.

2

3

4

5

6