Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Обама Орусияга каршы санкция колдонууну талкуулайт


Президент Обама Сеулда сүйлөп, Түндүк Корея коңшуларын жана АКШны коркутуудан эч пайда таппасын айтып, балким, Пхенянга каршы санкцияны катуулатканга убакыт жетти деди. Ошондой эле Кытай Түндүк Кореянын мүмкүн болчу коркунучун тааныганын белгиледи.

Обаманын Азиядагы апталык сапары Түндүк Кореянын ядролук программасына байланыштуу чыңалуу курчуп турган маалга дал келди.

Обама 25-апрелде кечинде Европанын негизги мамлекеттеринин лидерлери менен Украинадагы кризисти жана Орусияга кошумча санкция колдонуу ыктымалдыгы боюнча кеңеше турганын да айтты:

- Сиздер көргөндөй, Киевдеги өкмөт эмне айтса, ошону жасоодо. Орусиянын имараттарды басып алган орусиячыл согушкерлерди ачык сындаганын жана кризисти деэскалациялоо үчүн өз таасирин пайдаланганын биз көрбөдүк.

Обама Сеулга келер замат президент Пак Кын Хе айымга кеме чөккөндө жакындарын жоготкон Түштүк кореялыктарга байланыштуу көңүл айткан. Эки лидер бир саам үнсүз туруп, кырсыкта набыт болгон 200дөй адамды эскеришкен. Апаатта өлгөндөрдүн көбү жогорку класстардын окуучулары.

АКШ президенти Түштүк Кореядан Малайзияга учат.

XS
SM
MD
LG