Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Мекенди коргоодо эрдик жасагандар сыйланды


Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Ата мекенди коргоодо жана кызматтык парзын аткарууда эрдик жасагандарды сыйлады.

Мамлекет башчынын буйругуна ылайык III даражадагы “Манас” ордени 3 адамга ыйгарылды. Алардын арасында Ысык-Көл облусунун мергенчилер жана балык улоочулар коомунун мурдагы директору, чек араны бузуп кирген топ тарабынан өлтүрүлгөн Александр Барыкин да бар.

“Эрдик” медалы менен 19 адам сыйланды. Алардын арасына быйыл февраль айында Балыкчыда кылмышкерлерди кармоо учурунда алардын огунан курман болгон Бакыт Абдраев да кошулган.

Ардак грамота менен 4 адам сыйланды. Жалпы 26 сыйлыктын 17си Чек ара кызматындагыларга берилди. (UeZ\SE)

XS
SM
MD
LG