Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Экинчи билим фестивалы башталды


Бишкекте “Терең билим – кенен келечек” деген чакырык менен билим фестивалы өтүп жатат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду уюштурган иш-чаранын алкагында бүгүн окуу жайларда түрдүү жолугушуулар, акциялар өткөрүлүүдө. Окуучулар жана студенттер тандап алган багыты боюнча лекцияларды, сахна көрүнүштөрүн жана ойлоп тапкан каражаттарын досторуна жана илимий чөйрө өкүлдөрүнө сунуштап жатышат.

27-апрелде фестивал Бишкектеги эски аянтта, Эмен багында, мамлекеттик тарых музейинде, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында да болот.

Иш-чаранын алкагында “Усталардын шаары”, “Гүлдүү жармаңке”сыяктуу илимий-көргөзмөлөр да уюштурулат.

Биринчи билим фестивалы 2013-жылы өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG