Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Украина: орус учактары өлкөнүн аба мейкиндигин бузду


Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк орус учактары өлкөнүн аба мейкиндигин өткөн түнү жети жолу бузгандыгын билдирди:

- Орусиянын учактары өткөн түнү Украинанын аба мейкиндигин жети ирет бузуп киришти. Биз себебин түшүнүп жатабыз. Бул орус армиясынын колунан келди. Алардын максаты - Украинаны ракета менен атууга мажбурлоо жана Орусияга каршы согуш баштады деп айыптоо болуп жатат.


Мунун алдында АКШ орус учактары Украинанын аба мейкиндигин бузуп жаткандыгын эскерткен. Пентагондун маалымат катчысы "Бул учуулардын максаты - аларды Украина канчалык байкай аларын сыноо болушу мүмкүн" деген. АКШнын башкы штабынын жетекчиси генерал Мартин Демпси мурдагүнү (24-апрелде) орусиялык кесиптеши генерал Валерий Герасимов менен телефондон сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн аки-чүкүсү айтылган жок.

XS
SM
MD
LG