Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

Кыргызстандык эки балбан Азия чемпиону болду


Кыргызстандык балбандар Руслан Царев жана Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Кулболду Исаев билдирди. Анын айтымында, 66 килограмм салмакта күрөшкөн Царев финалда тажикстандык Хусараб Облабердиев менен күч сынашып, жеңишке жетишти. Ал эми 80 килограмм салмакта Жанарбек Кенжеев финалда ирандык Харриан Юсуф менен менен күрөшүп Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

23-апрелден бери Казакстандын борбору Астанада уланып жаткан эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандан 19 балбан катышты. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Мурат Романов күмүш, Каныбек Жолчубеков коло, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев күмүш, Самат Надырбек уулу менен Иннокентий Инокеньтев коло байгелүү болгон. Ал эми кыздар арасында Розалия Тилегенова коло байгелүү болсо, жаштар арасында Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды. (BkA)

XS
SM
MD
LG