Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

ЕККУ арачылары Словянскиге туткундалган өкүлдөрүн бошоткону келишти


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун арачылар тобу орусиячыл күчтөр барымтага алган ЕККУнун сегиз байкоочусун бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Украинанын чыгышындагы коогалуу Словянск шаарына келишти. Алар өз алдынчалык жарыялаган Словянскинин мэри Вячаслав Пономарев менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.

Пономарев анын алдында эл аралык байкоочуларды «согуш туткундары» деп жарыялаган эле. Кийин ЕККУнун сегиз өкүлүн кабарчылардын алдына алып келишти. Германиялык полковник Аксел Шнайдер аларга 25-апрелде кармалгандан бери «эч ким кол тийгизбегенин» билдирди. Байкоочулар Украинанын чыгышына Женева келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн келишкен эле.

XS
SM
MD
LG