Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

ЕККУнун байкоочуларынын бири бошотулду


Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Украинада кармалган сегиз байкоочусунун бири жекшемби күнү Славянск шаарында бошотулду. Аны бошотууга диабет дарты менен жабыркоосу себеп болгон. Ошол эле күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында Славянск шаарынын мэримин деп өзүн атап алган Сергей Пономарев кармалгандарды “аскердик туткундар” деп атады:

- Биз бул аскер кызматкерлери кырдаалдын барымтасы экенин түшүнөбүз. Баары жакшы болот деп ойлойбуз. Биз кандайдыр бир келишимге жетишебиз.

Колго түшкөндөрдүн арасында болгондордун бири - Германиянын полковниги Аксель Шнайдер туткундоо учурунда эч ким жабыр тартпаганын жана зордук-зомбулукка туш болбогонун Сергей Пономарев уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Шнайдер ошондой эле алар дипломат жана эч кандай куралсыз экенин белгилеген. Бул арада Донецк шаарындагы облустук телерадиокомпаниянын имаратын жикчилдер басып алганы маалым болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG