Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Апрель окуясы боюнча соттолуучулар акыркы сөзүн айтты


Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскердик сотунда 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот уланып, соттолуучулар акыркы сөзүн айтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады.

Соттолуучулардын ичинен мурдагы УКМК жетекчиси Мурат Суталинов акыркы сөзүн айтуудан баш тартты. Мурдагы президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов, мурдагы президенттик администрация башчысы Каныбек Жороев баш болгон УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун өкүлдөрү соттон актоону суранышты. Кийинки соттук отурум 6-майда уланат. Бул күнү өкүм чыгат деп күтүлүүдө.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга коюлуп жаткан айыптардын деңгээлине жараша 10 жылдан 25 жылга чейин жаза мөөнөтүн сунушташкан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөновду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу сунушталган.

Ал эми “Альфа” бөлүгүнүн жана мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлерин "адам өлтүрүү" айыбы боюнча актоо, "ишенип берилген куралды жоготуу" айыбы боюнча эки жылга кесүү суралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG