Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө


28-апрелде Бишкектеги Искак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде шахмат боюнча өлкө чемпионатынын акыл таймаштары улантылып жатат. Башкы калыс Данил Токтогоновдун “Азаттыкка” айтымында, өлкө аймагынан тандалган жүзгө жакын шахматчы биринчи лиганын оюндарына катышууда.

Быйылкы чемпионаттын өзгөчөлүгү - шахматчылар чеберчилигине жараша эки топко бөлүнүп мелдешүүдө. Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү 1-май күнү аныкталат. Жогорку лигада тандалган 12 эр-азамат, 12 кыз-келиндин акыл таймаштары май айынын аягында болмокчу.

Жеңүүчүлөр 1-августтан 14-августка чейин Норвегиянын Тромсе шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк 39-шахмат олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргойт. (КМа)

XS
SM
MD
LG