АКШнын аскерлери өлкөдөн 2011-жылы чыгарылгандан берки алгачкы парламенттик шайлоого 1 млн.дой аскер жана полисмен катышууда. Күч органдарындагы добуш берүү шайлоо күнүнөн эки күн эрте коопсуздук режими күчөтүлгөн абалда өтүп жатат. Жумурияттагы калган 22 млн.дой добуш берүүгө укуктуу жаран шаршембиде 328 орундуу парламентти шайлоого катышмакчы.
Ирактыктар арасында азыр коррупция, жумушсуздук боюнча нааразылык күчөп турганына карабай, премьер-министр Нури ал-Малики үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышууну чечти.
Бул жолку добуш берүү өлкөдө диний жана этникалык бөлүнүп-жарылуу канчалык күчөп турганын көрсөтөт дешет. Кечээ түндүктөгү Киркук шаарында шайлооканаларга чабуул болгон.