Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Кыргызстан Ооганстанга көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандын президенти Хамид Карзайга суу ташкындын кесепетинен адамдар каза болушуна байланыштуу көңүл айтты. Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өткөн апта соңунда Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясындагы Шибарган шаарында сел жүрүп, анын кесепетинен 100дөн ашык киши каза тапты. Бийликтер куткаруу иштери уланып жаткандыгын, курмандыктардын саны көп болот деп күтүлөрүн бышыкташты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG