Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Талас: айыл турмушун өзгөрткөн долбоор


Kyrgyzstan. Talas. Sasyk-Bulak. April 28, 2014
Kyrgyzstan. Talas. Sasyk-Bulak. April 28, 2014

Талас облусунда акыркы жылдары айылдык активисттерден турган демилгелүү топтор ар кандай долбоор жазып, айыл жашоосуна кыйла жаңылык киргизишти. Айрым көйгөйлөр мамлекеттик бюджетти карап отурбастан эле чечилүүдө.

Облустун Кайыңды айылында айылдыктар топтолуп, жаңы салынган көпүрөнүн ачылышын күтүп турушуптур. Жазгы шамалга калчылдап үшүгөнүнө карабастан, улуттук кийим кийип, колдоруна нан-туз кармаган окуучу кыздардын маанайы жарык. Ананчы, жыл сайын суу киргенде өйүз-бүйүз жээгиндеги айылдарды бириктирген, көпүрө ордундагы эки теректи алып кетчү.

Азия Токтогулова айыл ичинде тирилик өткөрүү коопсуз болуп калганына сүйүнөт:

- Же мал, же өзүбүз өтө албай, мектепке, коңшу-колоңго каттаганда кыйнала берчүбүз да, кагылайын. Эми машинабыз, малыбыз, бала-чакабыз ээн-эркин өтүп калбадыбы.

Сасык-Булак тоолуу айыл болгондуктан айылдыктар мурда бул жерге картошкадан башка жемиш бышпайт деп ойлошчу. Дүйнөлүк банк кезектеги долбоорлорунун биринде калктын аялуу катмарын арзан, сапаттуу үрөн менен камсыздоону ишке ашырган. Буга кошумча аларды өстүрүү боюнча сабак өтүлгөн.
Талас. Кайыңды айылы.
Талас. Кайыңды айылы.
Учурда сасыкбулактыктар помидор, сабиз баштаган жашылчаларды өстүрүп, алардын түшүмүн татып да, сатып да жатышкан экен. Роза Урманбетова былтыр алган алгачкы кирешесин эсептеди:

- 200 банкадан салат жапкандар болду. Биз да кышкыга салат жаптык. Балдарыбыз жеди. Андан тышкары саткандан кийин 15 миң сом киреше алдык. Бул акчага төрт балама кийим-кечек алдык. Кышкыга азык камдадык.

Быйыл мурдагыдан кыйла тажрыйбага ээ болгон дыйкан жеңелер кышкысын да жашылча өстүрмөккө күнөскана курсакпы деп шымаланып турушат.

Ал эми Куугандынын эли да, малы да таза суу долбоору ишке ашкыча айылдын үстүнөн агып түшкөн суудан ичишчү. Кээде кечмеликтин өйдө жагын мал булгап, айтор, таза суу башкы көйгөй болчу. Айылдагы суу пайдалануучулар биримдигинин төрагасы Жекшеналы Турдукожоев ал көйгөйдү кагазга түшүрүп, АРИСтен грант утуп, айыл үстүндөгү булакты түтүккө туташтырганын тизмектеди:

- Ат, эшек, чана менен суу алып келчүбүз. Анан кыйналгандар кийин 2004-жылы таза суу программасына кирели деп долбоорго арыз жаздык. Ошентип, акыры айылды таза суу менен камсыз кылдык. 29 миллиондон ашуун акчага курулду. Анын 5% эл чогултуп берди.
Талас. Айыл тургундары Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугууда.
Талас. Айыл тургундары Дүйнөлүк банктын өкүлү менен жолугууда.
Учурда түтүктөгү сууну үйүнө чейин киргизип алышкандар бар. Айрым үйлөрдүн ичинен электр суу жылыткычын, даараткана, душ көрүүгө болот.

Аймактагы ушул жана башка долбоорлорго Япония өкмөтү каражат берип, ал Дүйнөлүк банк аркылуу келген. Аткаруу жагы АРИСтин мойнуна жүктөлгөн. Долбоорлордун ишке ашып, аягына чыкканынан кабар алмакка келген Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер мындан аркы пландарына токтолду:

- Алдыда, айыл чарбасына байланыштуу дагы бир катар долбоорлорубуз бар. Алсак, жайыт маселелери боюнча, сугат иштерин кайрадан калыбына келтирүү боюнча, малдын саламаттыгы боюнча долбоорду ишке ашырсак дейбиз. Булар келерки эки жылдын ичинде жүзөгө ашат деп пландоодобуз.

Айыл-чарбасын, айылдарды өнүктүрүүгө багытталган бул гранттарды Кыргызстандын ар бир айылы утуп ала алат. Бул үчүн айылдык активисттерден түзүлгөн демилгечи жергиликтүү бийлик менен биргеликте АРИС, Суу пайдалануучулар ассоциациясы өңдүү уюмдарга кайрылса болот.

XS
SM
MD
LG