Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Кыргызстан Тажикстандан электр кубатын сатып алат


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи
Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди. Анын айтымында, былтыркы кургакчылыкка байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү топтолгон жок.

Буга байланыштуу өлкөдөгү ири суу сактагычтагы сууну үнөмдөө үчүн жайында Тажикстандан электр кубаты сатып алынышы мүмкүн. Учурда бул жаатта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын Энергетика министрлиги Казакстанга электр кубатын экспорттоо убактылуу токтотуларын билдирген болчу.

Расмий маалымат боюнча, ушу тапта Нарын дарыясындагы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард кубду түзүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. (BkA)

XS
SM
MD
LG