Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

"The Other Woman" фильми эки күндө 25 миллион доллар тапты


"The Other Woman"(Башка аял) деп аталган романтикалык комедия Түндүк Америкада өткөн дем алыш күндөрү эң көп көрүлгөн фильм болду. Анда үч башкы каармандын ролун Кэмерон Диаз, Кейт Аптон жана Лесли Манн ойнойт. Кино тармагын изилдеген Exhibitor Relation компаниясынын 29-апрелде маалымдашынча, эки күндө “Башка аял” комедиясы 24,8 миллион доллар чогулткан. Бул “Нью-Йорк Таймс” гезити “мазмунсуз, зериктирчү, эптеп жасалган көрксүз тасма” деп жазганына карабай фильмге жакшы реклама болду.

"Captain America: The Winter Soldier" (Капитан Америка: Кышкы жоокер) фильми эки күндө 16,2 млн доллар киреше тапты. Ошентип бул тасма Түндүк Америкада экранга чыккандан берки төрт аптада 225 миллион жыйнады. "Капитан Америка: Кышкы жоокер” фильминде супергеройдун ролун Крис Эван аткарат.

XS
SM
MD
LG