Украинанын чыгышындагы Луганск шаарында орусиячыл 3 миңдей адам (алардын көпчүлүгү жаштар) облустук бийликтин имараты алдына марш менен барышты. Маалыматтарга караганда, металл жана башка темир-тезектер менен куралданган 20 улан обладминистрациянын ичинде терезелерди талкалап киришти. Бул кезде көпчүлүк сыртта күтүп турду. Өкмөттүк имарат полиция тарабынан күзөтүлбөйт.
465 миң калктуу Луганск шаарынын коопсуздук кызматынын кеңсесин орусиячыл согушчандар үч жума мурда басып алышкан. 29-апрелдеги жикчилдердин нааразылык маршы Луганск шаардык коопсуздук кызматынын кеңсесинен башталды.