Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Орусиянын Канттагы базасы жаңы учактар менен толукталууда


Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округунун расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, 29-апрелде Су-25 үлгүсүндөгү учак жөнөтүлдү. Учурда ушундай үлгүдөгү дагы бир учак Челябинсктеги “Шагол” авиабазасынан жакын арада жөнөтүлгөнү жатат.

Буга чейин Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын аскерий кубатын бекемдей турганы кабарланган болчу. Бул тууралуу орус коргоо министри Сергей Шойгуга шилтеме берип бир катар орусиялык мамлекеттик маалымат агенттиктери кабар тараткан. Кыргызстандын Кант шаарындагы базага МИ-8 үлгүсүндөгү тик учактар жаңыдан алынып келингени маалымдалган.

Канттагы авиабаза Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна таандык болгону менен аны толугу бойдон Орусия иштетет. (BkA)

XS
SM
MD
LG