Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

БУУ: Ирактагы шайлоо өлкө үчүн оор абалда өтүүдө


Парламенттик шайлоо өтүп жаткан Иракта бүгүн Киркук шаарынын четиндеги добуш берүү бекеттеринин биринде жардыруу болуп, эки аял набыт кетти. Дагы эки жардыруу Багдаддын батыш бөлүгүндөгү шайлоо бекетинде катталды.

БУУнун Ирактагы элчиси Николай Младенов Багдаддагы шайлоо бекеттердин биринен кабарчыларга:

- Шайлоо өлкө үчүн абдан оор учурда өтүүдө. Коопсуздук кырдаалы акыркы апталар ичи, өзгөчө шайлоо өнөктүгү учурунда курчуп кетти. Биз шайлоо бекеттерине жана талапкерлерге каршы жасалган көптөгөн кол салууларга күбө болдук, - деп билдирди.

277 саясый бирикменин өкүлү болгон 9 миңден ашуун талапкер парламенттеги 328 орун үчүн ат салышып жатат. Премьер-министрлик орунга негизги талапкер катары азыркы өкмөт башчы Нури ал-Малики аталууда. Ирактын 21 миллион жараны добуш берүү укугуна ээ.

Бирок, өлкөнүн шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, Анбар провинциясында шайлоо 70 гана пайыз аймакта жүрүп жатат. Себеби анын айрым райондору радикал исламчылардын көзөмөлүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG