Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:17

Үрүмчүдө жардыруу болду


Кытайдын Үрүмчү шаарынын темир жол бекетинде бир нече саат мурда жардыруу болду. Набыт болгондор тууралуу азырынча маалымат жок, бирок жараат алгандар бар.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, чабуулду радикалдуу маанайдагы уйгур жикчилери уюштурду. Кийинки жылдары коопсуздук күчтөрү менен уйгур жикчилери ортосундагы тирешүү көбөйүүдө.

Жардыруу Кытайдын башчысы Си Цзинпиндин Шиң-Жаң уйгур автоном аймагына жасаган төрт күндүк иш сапары аяктап жаткан учурга туш келди. (RK)

XS
SM
MD
LG