Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Президент май майрамы менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Өз куттуктоосунда өлкө башчысы жалпы мамлекет, улут үчүн эмгектин маанисин белгилеп, азыркы муунду жаратман болууга чакырган.
Президенттин маалымат кызматы тараткан Атамбаевдин куттуктоосунда: “Мамлекет мага эмне кылып берди дебей, мен Мекениме кандай кызмат кыла алдым?” деп өзүбүздөн сурай турган мезгил келди. Эмгектене турган мезгил келди. Ар бирибиз өз ордубузда чымырканып иштей турган учур келди. Ошондо гана биз максатыбызга жетебиз! Биргелешип эркин, адилеттүү, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз” деп айтылат.

Эмгекчилердин тилектештик күнүнө карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар өтүп, спорттук оюндар уюштурулуп жатат. Ага борбордогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG