Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Бишкекте жалган маалымат таратууга каршы акция өтөт


Бишкекте журналисттер ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы “Антиөрдөк” деген аталышта акция өткөрөт.

Борбордогу Журналисттер аллеясында өтчү акцияны “Журналисттер” коомдук бирикмеси, "Жаш журналисттер кыймылы", «МедиаКонсалт» жана «ЖМКны колдоо борбору» коомдук фонддору биргелешип уюштурууда. Иш-чара 3-майда, сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жатат.

Анда символикалуу түрдө кагаздан жасалган өрдөктөр өрттөлөт. Андан соң аллеяда ишембилик өткөрүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG