Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

FH: Кыргызстанда басма сөз эркин эмес


Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салып турган Freedom House эл аралык уюму кечээ жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан быйыл
басма сөзү эркин эмес делген өлкөлөрдүн катарына кирди. 197 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 147- орунду ээледи.

Уюмдун сөз эркиндиги боюнча долбоорунун жетекчиси Карин Карлекардын билдиришинче, Борбор Азияда сөз эркиндиги көңүл чөгөрүүчү абалда турат.

- Аймактагы 5 өлкөнүн ичинен Түркмөнстан жана Өзбекстандагы басма сөздүн абалын “ эң начар” деп сыпаттасак болот. Казакстан менен Тажикстанда деле абал жакшы эмес. Бул жагынан Кыргызстан аймактагы өлкөлөргө салыштырмалуу “ак карга” деп айтсак болот. Ал эркин эмес өлкөлөрдүн катарында турса да башкаларга салыштырмалуу жакшы деп баалай алабыз. Бул жылы Кыргызстанда бир катар оң өзгөрүүлөрдү байкай алдык.

Баяндамада дүйнөдөгү 197 мамлекетте 2014-жылы сөз эркиндиги жаатында байкалган абалга талдоо жасалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG