Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Бишкекте кикбоксинг боюнча эл аралык турнир өтөт


Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы cпорт ордосунда кикбоксинг боюнча Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиев кубогуна арналган эл аралык турнир башталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн кикбоксинг федерациясынын жетекчиси Александр Воинов маалымдады.

Рингде Азербайжан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн командаларынын өкүлдөрү күч сынашат. 12 беттешүү болмокчу. Борбор Азия командасын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мушкерлери түздү.

Кыргызстандан 5 спортчу бар. Алар: дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков (57 кг), дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Айбек Дүйшембиев (67 кг), Абубекер Машанло (71 кг), Азия чемпиону Кумар Жалиев (81 кг) жана өлкө чемпиону Кубан Абдыраимов (91 кг). (КМа)

XS
SM
MD
LG