Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Украин өкмөтү эки аскер кызматчысы каза тапканын ырастады


Коргоо министрлиги билдиргендей, эки учкуч өкмөттүк күчтөрдүн Славянск шаарындагы операциясы учурунда, тик учактары атып түшүрүлгөндө каза тапкан.

Ал эми жаракат алган үчүнчү учкучту козголоңчулар туткундап кеткенин Украинанын Коопсуздук кызматы маалымдады.

Украин ички иштер министри Арсен Аваковдун билдиргенине караганда, операциянын максаты - “барымтадагыларды, административдик имараттарды бошотуу, жикчилерди куралсыздандыруу”.

Аваковдун айтымында, жикчилер учактарга каршы ракеталарды, оор артиллерияны жана гранаталарды колдонгон. Өкмөттүк күчтөр шаардын айланасындагы көзөмөл бекеттердин тогузун ээлешти.

Славянск шаары жикчилердин көзөмөлүндө өткөн айдан бери турат. Алар шаар мэрин, бир нече журналистти, украин коопсуздук кызматынын үч адамын жана ЕККУнун аскерий байкоочулар тобун барымтага алышкан.

Жикчилер украин күчтөрүнүн операциясын “кеңири масштабдагы” деп мүнөздөшүп, бир адамы мерт болгонун кабарлашты.(UE)

XS
SM
MD
LG