Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

БУУ Түндүк Кореяны укук бузууну токтотууга чакырды


Чакырык Улуттар уюмунун Адам укуктары кеңешинде БУУнун баяндамасы угулгандан кийин жасалды.

Баяндамада бул өлкөдө адам укуктарынын бузулушу системалуу мүнөзгө ээ экендиги жана кеңири жайылганы, адамзатка каршы кылмыштарды жасоо уланып жатканы айтылган.

БУУ дипломаттары расмий Пхеньянды саясий лагерлер системасын жоюуга үндөдү.

Саясий лагерлерде 80 миңден 120 миңге чейин айыпкер бар деп саналат.

Бирок, Пхеньяндын өкүлдөрү мындай ырастоолорду жана БУУ баяндамасында көргөзүлгөндөрдү четке кагышты.

Түндүк Кореянын турумун башкы өнөктөшү - Кытай колдоп чыкты.

Бээжиндин пикиринде, БУУнун Түндүк Корея боюнча баяндамасы өлкөнү “жаманатты кылуу үчүн” даярдалган. (UE)

XS
SM
MD
LG