Прага: Мусулмандар полицияга протест билдирди
2-майда Чехиянын Ички иштер министрлигинин алдында беш жүздөй мусулмандар ачык асман алдында жума намазга жыгылып, өткөн аптада болгон полициянын рейдине нааразылык билдиришти. 25-апрелде полиция Прагадагы Ислам коруна караштуу эки намазкананы тинтүүгө алган. Бир нече киши кармалганы кабарланган.