Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Жээнбеков Ооганстанга көңүл айтты


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ооганстандын Улуттук ассемблясы Лоя Жырганын төрагасына Бадахшан провинциясынын Аргу районундагы адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Анда парламент төрагасы Жогорку Кеңеш депутаттарынын атынан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалады.

Ооганстанда жума күнү кечинде өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясында нөшөрлүү жаандан кийин жер көчүп, четтеги тоолуу аймактагы айылды дээрлик толук басып калган. Бүгүн Бадахшандын губернатору Валиулла Адеб кырсык болгон жерде элди 10 метрге чейин жеткен көчкү басып калганын айтты. Жер көчкүдөн 2500дөй адам өлгөндүгү болжолдонууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG