Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Ворухтуктар аксайлыктарды жайытка өткөрбөй жатат


Баткендеги Ворух тажик анклавына кире бериш.
Баткендеги Ворух тажик анклавына кире бериш.
Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, 3-май күнү эртең менен Ак-Сай айылынын тургуну Гапар Бабаев малын чек арачылардын жетегинде Тажикстандын Ворух анклавын айланып алып өтүү аракетинен майнап чыккан эмес:

- Кечээ эрте мененки саат 9дарда чек арачылардын коштоосунда Гапар Бабаев малын жайлоого айдап жөнөгөн. Ворухка кирбей өтө турган тоону аралап баратканда 40тан ашуун тажикстандык алардын жолун тороп чыгып артка кайтрган. Чек арачылардын ортомчулугу да жардам берген эмес.

Ушул тапта аксайлыктар анклавды айланып өткөн жолду тезирээк салып берүүнү жана жайыт маселесин биротоло чечүүнү талап кылып жатат. Окуя болгон жерде Баткен облусунун губернатору баштаган жетекчилер жүрөт.

Малын жайлоого айдап бараткан аксайлыктарды быйыл тажик жарандары Ворух аркылуу такыр өткөрбөй жатышкан.

Ак-Сай айылына кетчү жол Тажикстандын Кожаъло айылын аралап өтөт. Андан өткөн кыргыздардын машинелерине таш атуулар көп катталып, жаңжалдар болгонунан Көк-Таш - Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган.
Тажик тарап буга каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда ок атышуу болгон. (SA/EBM)

XS
SM
MD
LG