Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Баткенде буулган жол ачылды


Ак-Сай айылында эки күндөн бери буулуп турган жол азыр ачылганын "Азаттыкка" Баткен ОИИБинин жетекчисинин орун басары Улан Рысбеков билдирди. Анын айтуусунда, жол тосуп тургандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жол ачылды.

Тажикстандын Ворух анклавын негизги аймагы менен байланыштырып турган жол 4-майга караган түнү тосулган. Ага 3-майдын кечинде Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй коюшу себеп болгон. Андан жаңжал чыгып, чек арага эки тараптан тең эл чогулган. Күч органдарынан билдиришкендей, кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланган. Тажикстандыктар да Лейлекке кетчү жолду бууп, кайра ачкан.


Ак-Сай айылын Баткен менен туташтырчу жол Тажикстандын Кожалы айылын аралап өтөт. Аксайлыктар көз карандысыз жол маселесин тезирээк чечип берүүнү бийликтен талап кылып келишет. Улам чыга берген жаңжалдардан улам Көк-Таш - Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган. Тажик тарап буга каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда ок атышуу да болгон.

Эми эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча 11-майда Тажикстанда жолугат. (EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG