Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Бишкекте «Деньги и власть» гезитинин жамааты митингге чыкты


Ушул тапта Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингдин катышуучулары "Кыргызстанда сөз эркиндигине каршылык күчөдү" деп белгилешүүдө. Акциянын уюштуруучусу Турат Акимов өзү жетектеген “Деньги и власть” гезитине Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Григорий Бубел койгон 1 миллион долларлык доонун артында "бийлик турат" деп белгилеп, өлкөдө сөз эркиндигин муунтуу аракети жүрүп жатканын айтты.

Акцияга күбө болуп жүргөн кабарчыбыздын айтуусунда иш-чарага дагы 5-6 басылманын редакторлору, журналисттер катышууда. Алар жакында парламент тарабынан журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаруу үчүн кол чогултмакчы.

“Деньги и власть” гезити Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Григорий Бубел Гюнтер фон Хагенске мумия кылууга деп Кыргызстандын түрмөлөрүнөн 200 өлүктү сатып жибергенин жазып чыккан. Кийинчерээк Бубель гезитке 1 миллион долларлык доо коюп, сотко берген. (UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG