Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Садиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу тасма табылды


Өткөн жумада киши колдуу болуп өлгөн Жеңиш Садиевдин үйүндөгү камерага таламандын так түшүндө “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа менен келген киши түшүп калган. ИИМдин Ош аймагы боюнча башкы башкармалыгы маркумду өлтүргөн адам ошол унаа менен келген болушу мүмкүн деп шектенүүдө жана ал киши тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү жалпы коомчулуктан өтүнүүдө.

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиришинче, тасмадагы адам тууралуу айтып берген жарандар боюнча маалымат купуя сакталат. Ошондой эле аталган башкармалык элден Жеңиш Садиевдин өлтүрүлүүсүнө байланыштуу алдын-ала түрдүү жоромолдорду айтып, окуяны саясатташтырбоону суранган.

30-апрель күнү Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы Жеңиш Садиевди үйүндө отурган жерден атып кетишкен. Чачма октон көкүрөгүнө жана колуна жараат алган Жеңиш Садиевге ошол күнү операция жасалып, бирок ал 2-май күнү каза тапкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG