Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Ливияда өкмөттүк кризис уланууда


Ливия парламентинин төрага орун басары Эззедин ал-Авами премьер-министрликке Ахмед Матиктин шайланып, ант берүүсүн мыйзамсыз деп атады. 4-майдагы добуш берүү кезде дүнүйөбий депутаттар залдан чыгып кеткен болчу. Ал-Аваминин айтымында, Ахмед Матики премьер-министр болуп шайлануусу үчүн кеминде 120 депутаттын колдоосун алыш керек, ал 112 гана добуш алган.

Залда калган депутаттардын айтымында, кийинки колго салууда Матики эскичил исламчылар колдогон профессор Омар ал-Хассини 121 добуш менен жеңген. Ал-Аваминин ырасташынча, экинчи жолку добуш берүү ал жыйынды жапкандан кийин болгон.

Ливия парламентинин вице-спикери "үй-бүлөмдү коркутушууда" деп үч жума илгери премьер-министрликтен кеткен Абдалла ат-Танини өкмөттү убактылуу жетектеп турууга чакырды.

XS
SM
MD
LG