Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Борбордук Африкада диний касташуудан 28 адам өлдү


Борбордук Африка Республикасында диний араздашуунун айынан 28 адам каза тапты. Алар дүйшөмбү күнү мусулман жана христиан согушкерлеринин кагылышуусунда мерт кеткенин Reuters агенттиги жазып чыкты.

Мамлекет борборунан 300 километр алыста жайгашкан Мала шаарында эки дин өкүлдөрүнүн кезектеги жаңжалы өткөн жуманын бейшембисинде башталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, араздашуу христиандардын “анти-Балака” тобу исламчылардын “Селека” уюмунун азык сактоочу жайына кол салгандан кийин күчөгөн.

Борбордук Африка Республикасында эки топтун жаатташуусу 2012-жылдан бери уланып келет.

XS
SM
MD
LG