Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды


Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Ал киши жасалма документ алып жүргөнү үчүн колго түшүрүлгөнүн бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. Кармалган адам кайсы өлкөнүн жараны экени жана эмне кылмышы үчүн издөөдө жүргөнү тергөө кызыкчылыгы үчүн ачык айтылган жок.

Ага айдоочунун күбөлүгүн мыйзам бузуп жазып берген Ысык-Ата райондук каттоо кызматынын өкүлдөрүнө карата да кылмыш иш козголду.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы учурда мамлекеттик каттоо системасындагы коррупцияга каршы пландуу текшерүү жүргүзүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG