Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Бажы биримдиги боюнча парламенттик угуу 20-майда өтөт


Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитети Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан парламенттик угуунун мөөнөтүн бир жума кийинкиге жылдырууну чечти. ЖК басма сөз кызматынан маалымдашкандай, комитет төрагасы Карганбек Самаков 12-майдан 16-майга чейин депутаттар шайлоочулар менен жолугушарын белгилеп, талкууну 20-майга калтырууну сунуштады.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча парламенттик угуу 13-майга белгиленген болчу, иш-чара ЖК төрагасынын фондунан каржыланат.

Бажы биримдигине Орусия, Казакстан, Беларус мүчө. Кыргызстандын биримдикке кирүү боюнча "жол картасы" 12-майда Москвада талкууланат. Жарандык активисттер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе өлкө Орусияга саясий-экономикалык көз каранды болуп каларын айтып, каршылыгын билдирип келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG