Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Ат-Башыда эки айыл суу маселеси боюнча чырдашууда


Нарындын Ат-Башы районунун Казыбек айылы аркылуу Кызыл-Туу айылына суу канал салынышына Казыбек айылынын тургундары каршы болууда. Үч айдан бери канал курдурбай чырдашып жаткан казыбектиктер "эгер канал курула турган болсо айыл аркылуу аралап өткөн чоң сууга кичине балдар, мал түшүп кетүү коркунучу туулат" дешет.

Казыбек айылынын башчысы Санжар Токонов бүгүн да бул боюнча чогулуш өтүп, бирок эки айылдын эли бир пикирге келе албаганын “Азаттыкка” билдирди.

Кызыл-Туу айылына сугат суу тартып келүү үчүн АРИС уюмунан 20 миллион сом бөлүнүп, каналдын курулушу быйыл башталмак. (TSh)

XS
SM
MD
LG