Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Түштүк Африкада парламенттик шайлоо жүрүп жатат


Бүгүн Түштүк Африка республикасында парламенттик шайлоо өтүүдө. 1994-жылы апартеид режими кулагандан бери бул бешинчи жалпы шайлоо өнөктүгү.

Жеңишке азыр бийликти кармап турган "Африка улуттук конгресси" ээ болору эмитен эле айтылууда. Ал 1994-жылы Нельсон Мандела президент болгондон бери бийлик башында келатат.

Түштүк Африкада соңку жылдары коррупция гүлдөгөнүнө эл нааразы болууда. Бүгүн добуш берүүгө 25 миллиондой жаран катышмакчы. Байкоочулардын айтымында, айрым шайлоо бекеттеринде кезекке тургандар көп. (RK)

XS
SM
MD
LG