Бул тууралуу президент Барак Обама билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар Нигерияда исламчыл Боко Харам тобу уурдап кеткен 200дөн ашуун кызды бошотуу үчүн “колдон келгендин баарын жасайт”.
Обама телеинтервьюсунда белгилегендей, Нигериянын президенти Гудлак Жонатан өлкөсүндө Кошмо Штаттардын аскерий жана коопсуздук мекемелеринин кызматкерлерин жайгаштыруу жөнүндөгү сунушту кабыл алды.
Боком Харам Нигериянын түндүк-чыгышынан сегиз кызды кечээ да уурдаган. Бул уюмдун лидери Абубакар Шекау апрелде 200дөн ашуун кызды уурдагандан кийин алар “кул катары” кармалып турганын жана “базарга сатыларын” айткан эле.
Барак Обама телеинтервьюсунда Боко Харамдын аракетин “кыжыр келтирерлик” деп атап, эл аралык коомчулук бул топко каршы биригүүсү керектигин кошумчалады. Боко Харам - Нигериянын түндүгүндө ислам мамлекетин түзүүнү көздөгөн уюм. (UE)