Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Баткен: Курчоодо калган Көк-Теректи милиция көзөмөлгө алды


Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал чыккан Жака-Өрүк деген жерге жанаша турган Көк-Терек айылын милиция көзөмөлдөй баштаганын “Азаттыкка” айыл тургуну Бахабидин Айтбаев билдирди.

7-май күнү кечке жуук чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккандан соң, тажик жарандары аталган айылдагы бир соода дүкөнү менен май ташуучу унааны өрттөп жиберген эле. Бахабидин Айтабев дагы бир май куюучу жай өрттөлгөнүн айтты.

17 түтүнү бар бул кыштакчаны үч тарабынан тажик айылдары курчап турат.

Көк-Теректен бир аз нарыда жайгашкан Жака-Өрүктө топтолгон эл дале тарай элек.

Абалды жайгаруу үчүн эки мамлекеттин күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жаңжал учурунда тажик жарандары тарабынан токмоктолгон Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкулов менен дагы бир кыргыз жараны ооруканага жеткирилди.

Чатакташуу жол маселесинен чыкканы айтылууда.

Баткен шаарынын чыга беришине тосмо бекет коюлуп, жаңжал чыккан жакка эч ким өткөрүлбөй турат. (SE)

XS
SM
MD
LG