Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Соттор кеңеши айрым судьяларды кылмыш жообуна тартууга макул болду


Кыргызстандын Соттор кеңеши Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Марат Жээналиевди жана Оштун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Абдижалил Эргешовду кылмыш жообуна тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдугун билдирди. Судьяларга “мыйзам бузду” деген шек менен кылмыш иши козголот.
Соттор кеңешинин бул чечими тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Прокуратура келтирген жүйөлөр менен Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Илиязов, Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Калтарбек Кадыров, Ош шаардык сотунун судьялары Закир Максутов жана Талант Жолдошев мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. (SE)

XS
SM
MD
LG