Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Депутаттар Баткендеги абалды талкуулап жатат


Жогорку Кеңеш депутаттары Баткендеги чек арада түзүлгөн абалды талкуулап жатат. “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов Баткен районундагы абал абдан курч бойдон калып жатканын билдирип, өкмөттү тезинен чара көрүүгө чакырды. Жыйынтыгында депутаттар саат 11де Баткендеги абал боюнча күч органдарынын маалыматын угуу чечимине келишти.

7-май күнү кечки саат жети чамасында чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай жана бир-эки унаа өрттөлгөн.

Чатактан улам Баткен облустук ооруканасына 9 адам жеткирилген. Алардын бирине ок тийгенин коопсуздук боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиев билдирди. Жергиликтүү тургундар жаңжал учурунда 30 киши түрдүү жараат алганын айтып жатат. Расмий маалымат боюнча, алардын ондон ашууну милиция кызматкерлери. Арасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орун басары Дүйшөн Ниязкулов да бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG