Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Чек арадагы абалды эки өлкө өкүлдөрү талкуулайт


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча бүгүн саат 11де эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, чатак чыккан Жака-Өрүк айылында өтчү жолугушууга Тажикстандын ички иштер министринин орун басары баштаган бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Чатактын себептери, абалды жөнгө салуу боюнча чаралар талкууланат.

7-май күнү кечки саат жети чамасында чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай жана бир-эки унаа өрттөлгөн.

Чатактан улам Баткен облустук ооруканасына 9 адам жеткирилген. Алардын бирине ок тийгенин коопсуздук боюнча вице-премьер Абдрахман Маматалиев билдирди. Жергиликтүү тургундар жаңжал учурунда 30 киши түрдүү жараат алганын айтып жатат. Расмий маалымат боюнча, алардын ондон ашууну милиция кызматкерлери. Арасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орун басары Дүйшөн Ниязкулов да бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG