Бул тууралуу “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш Жогорку Кеңештин Баткендеги абал боюнча жабык талкуусунда айтылды. Мындай штаб чек арадагы маанилүү маселелерди чечүүнү жеңилдетмек.
Талкууда депутаттар өкмөттүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиевдин Баткенде такай отуруп иштешин талап кылышты. Ошондой эле Жогорку Кеңеш өкмөттү Баткен облусу боюнча өткөн жылы кабыл алган токтомду аткарбаганы үчүн сынга алды.(BkA/EBM)