Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:28

Баткенде эл вице-премьерди бошотпой жатат


Вице-премьер Маматалиев кармалып турган үй.
Вице-премьер Маматалиев кармалып турган үй.
Өткөн түнү жаңжал чыккан кыргыз-тажик чегиндеги Жака-Өрүк деген жерде жергиликтүү тургундар жолугушууга барган коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди кармап турушат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, учурда эл Маматалиев жана Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаевди айылдагы үйлөрдүн бирине киргизип, чыгарбай жатат.

Жергиликтүү тургундар өкмөт өкүлдөрүнөн чек ара жаңжалына күнөөлүүлөрдү жазалоону жана жаңжал учурунда ыкчам аракет көрбөгөн облустук бийлик өкүлдөрүн кызматтан алууну талап кылышууда. (JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG