Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Одесса окуясы боюнча жергиликтүү депутат камалды


Одессада 2-майда болгон кандуу окуяга байланыштуу шаардык кеңештин депутаты, “Родина” фракциясынын мүчөсү Сергей Бовбалан кармалды. Украин Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Бовбалан массалык башаламандыкты жана бийликти басып алууну уюштурганы үчүн күнөөлөнүп жатат.

Одесса апаатын уюштурду деген шек менен буга чейин кармалган бир канча кишинин ичинде үч милиция кызматкери да бар. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дмитрий Фучеджи издөөгө алынган. Ал кандуу окуяга байланыштуу жумуштан четтетилген.

Бир апта мурун Одессада орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигин жактоочулар кагылышып, 46 киши набыт болгон.

Жаатташкан жактар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Кесиптик кошуундар үйүндө өрт чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, милиция кагылыштарды токтотууга аракеттенген эмес.

XS
SM
MD
LG