Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Кыргыз жана тажик президенттери чек арадагы абалды талкуулады


8-майда Москвада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасындагы соңку абалды талкуулады. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов кабарлады. Анын айтымында, ЖККУнун бейформал саммитинин алкагында сүйлөшүү өткөргөн президенттер 7-майдагы жаңжал кайталанбашы үчүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде чек араны тактоо иштерин тездетүү керектигин белгилеген.

7-май күнү кечке маал чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. 17 кыргызстандык жабыркаганын, анын 9у ооруканада. ​

Ал эми Тажикстандан 8 адам жараат алганы кабарланган. Окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберген. (BkA)

XS
SM
MD
LG